Новости

29- апрель күнү № 13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 1-а  жана 1-б класстарынын алиппе майрамына арналган » Рахмат сага, Алиппе» жана «Прощай Азбука» аттуу концерттик программасы болуп өттү. Бул майрамдык кечеде 1- класстын отчеттук концерти болуп, 1-а жана 1-б класстын ата- энелери балдарынын бул жыл ичиндеги алган билимдерине күбө боло алышты.
04.05.2023 50
23- апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук  укук күнүнө карата «Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз» аттуу Республикалык сынактын райондук баскычында  3 -4- класстар арасында «Кыргызстандагы жашаган улуттардын маданияты» багытында орус улутунун музыкалык аспаптарын изилдөө боюнча 4- класстын окуучусу Жайлообекова А, орус улутунун бал аары багуусун изилдөөнүн үстүндө 3 а класстын окуучулары Асанбеков А, С.Бакытова, С.Карыпбековалар катышышып, […]
23.03.2023 53
23- февраль Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата №13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде жаш мугалимдер арасында «Мекен сакчыларына таазим» аталышындагы таймаш өткөрүлдү.  1- топ «Жеңиш», 2-топ «Намыс» тобу болушуп, беш тапшырма аткарышты.  Жениш тобу 103 упай, Намыс тобу 104 упай менен жыйынтыкталды.
23.03.2023 59
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 24.01.2023 -жылдагы №171/1 буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын » Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу. Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатындагы РБББнүн буйругунун негизинде бир айлыгынын жыйынтыктоосу  ар улуттун бийлери менен жыйынтыкталды.
15.03.2023 131
Бүгүн 13- февралда № 13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде англис тилинин бир айлыгынын ачылышы болуп өттү. Ачылышта Б. Жеңишбекова А. Токонова бир айлыктын максаты, планы менен тааныштырышты.
14.02.2023 127
Предметтик олимпиаданын катышуучуларына ийгилик!
19.01.2023 53
Урматтуу мугалимдер, майрамыңыздар менен! Мектепте мугалимдер күнүнө карата «Кесип тандоо маанилуу кадам»  тегерек столуна мектептин ардагер мугалимдери мейманга чакырылып, бүтүрүүчү класстарга  жакшы багыт беришип, окуучулардын суроолоруна жооп берип, кызыктуу маектешип кетишти.  
25.01.2021 48
Бүгүн, 12-декабрь — улуу жазуучубуз Чынгыз Айтматовдун туулган күнү. Биздин мектепте да залкар жазуучубузга арналган иш-чаралар ѳткѳрүлүп жатат. «АДАМЗАТТЫН РУХ ААЛАМЫНЫН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫНА ТААЗИМ» аталышындагы  линейка менен башталып, ачык тарбиялык сабактар өтүлүп жатат.
25.01.2021 47
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
25.01.2021 38
«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган. «Манас» 2013-жылы ЮНЕСКОнун маданий мурастар шедеврларынын тизмесине […]
25.01.2021 46