Мектеп жөнүндө

Мектептин тарыхы:

Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы №13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин тарыхы

 

№13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү  орто мектеби Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун, Каргалык айыл округуна караштуу  Казарман айылынын А.Сагынбаев-1 көчөсүнүн №7  дарегинде  жайгашкан. Почта индекси 721500. Мектептин официалдуу электрондук дареги: [email protected].

Мектептин  имараты 1978-жылы стандарттуу  эмес, жыгач щиттер менен  курулган. Алгач имарат бүткүл союздук курулуш жүрүп жаткан Казарман айылына куруучуларга жатакана ирээтинде курулган.

1982-1987-жылдары имарат райондук больницанын инфекция бөлүмү  катары кызмат кылган.

1988-жылы октябрь айында бул имаратка сегиз жылдык орус мектеби уюштурулуп, райондогу алгачкы орус мектеби ачылган.

Ошол эле жылы мектепке “Социалисттик эмгектин баатыры”, чабан Маруса Жаңыбаеванын ысмы ыйгарылган.

1989-жылы мектеп орто мектепке айланган.  Алгач мектеп директору болуп С.Аттокуров дайындалган. 1989-жылы мектепте 33 мугалим эмгектенип, окуучулардын саны 369 окуучу болгон. 1988-1997 жылдары С.Аттокуров,              1997-2012 жылдары У.Андакулова, 2012-2018 жылдары С.Аттокуров,                      2018-2022 жылдары А.Жарбашев, 2022-жылдан баштап мектеп директору болуп С.А.Молдалиев эмгектенип келүүдө.

Имарат курулган жылдан тартып  ушул күнгө чейин бир дагы капиталдык ремонттон  өткөн эмес.  Жыл сайын утурумдук ремонттон өткөрүлүп турат.  Проект  боюнча окуучунун сыйымдуулугу  90 орун болсо,  бүгүнкү күндө 238  окуучу окуйт. Ал эми класстык бөлмөлөрдүн сыйымдуулугу  20-25 окуучу. Жылытуу системасы электр тогу менен  жылытылат. Мектепте  жалпы 32 мугалим эмгектенет.  Жетишпеген педагогикалык кызматкерлер жок. Мектеп   окуучулары  2 смена менен окуйт. 1-8-класстарынын  параллелдүү орус класстары бар.  Мектептин жалпы аянты 1,44 га, кубатурасы 1783,88 м.куб, имараттын жалпы аянты 533,68 м.кв. Имарат Каргалык айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги.

Бүгүнкү күндө мектеп авариялык абалда. Тактап айтканда дубалдары кыйшайып, пайдубалы чөгүп, дубалдарынын түптөрү ным тартып чирий баштаган.

Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар боюнча  комиссиясынын мектеп имаратынын техникалык абалы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, аталган комиссиянын  чечими менен  “Имарат учурда авариялык абалда, кулап калуу коркунучу бар, окуу процессин жүргүзүү кооптуу” деп табылган.

Жаңы мектептин курулушу боюнча 2015-жылы  Каргалык айыл өкмөтү тарабынан жалпы сметалык баасы 76 млн сомдук 225 орундуу 2 кабат мектептин имаратынын проектиси өткөрүлүп, каражат маселеси бөлүнбөй токтоп турат.

Мектеп жыл сайын 20-25 окуучу менен толукталып, учурда класстык бөлмөлөр жетишпей окуу процессинде  көйгөй жаралып, жаңы мектептин курулушуна муктаж.

Мектепте көпчүлүк окуучулар социалдык жактан муктаж үй-бүлөлөрдүн, мигрант үй-бүлөлөрдүн балдары окушат.

Мектепте 3 интерактивдүү доска, окуучулар үчүн 4, мугалимдер үчүн 2, китепкана үчүн 1, жалпы 7 компьютер бар. Ошондой эле учурда класстык эмеректер да жетишсиз.

Эмблема

Мектеп жөнүндө

 

Мектептин концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин усулдук темасы

«Коопсуздуу билим берүү мейкиндигинде жогорку маалыматтык маданиятты калыптандыруу инсанды ийгиликтүү коомдоштурунун кыймылдаткыч күчү катары»