КИРИШҮҮ
Киришүүдө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлүшү керек:
КИРИШУУ
20.01.2023 ж.
1.1 Жалпы билим берүү уюмунун маалыматы
Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районуна караштуу Каргалык айыл аймагынын Казарман айылында жайгашкан №13 Маруса Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жалпы мүнөздөмөсү.
Билим берүү уюмунун аталышы: № 13 Маруса Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби
Дареги: Жалал-Абад областы, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, А.Сагымбаев №7 Менчик формасы: Муниципалдык
ИНН: 01510200310338
Билим берүү уюмунун статусу: Жалпы орто билим берүү
Мектеп имараттары: Мектеп 1978-жылы стандарттуу эмес жыгач шиттер менен курулган. Имараттын жалпы аянты 1,44га
Эл.дареги: [email protected]
№13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби 1978-жылы стандарттуу эмес жыгач шиттер менен курулган. Проект боюнча окуучунун сыйымдуулугу 90 орун болсо бүгункү күнү 251 окучу окуйт. Ал эми класстык бөлмөлөрдүн сыйымдуулугу 20-25 окуучу. Жылытуу системасы электр тогу менен жылытылат. Мектепте жалпы 34 мугалим эмгектенет. Жетишпеген педагогикалык кызматкерлер жок. Мектеп окуучулары 2 смен, кээ бир класстар 3 смен менен окушат. Мектептин жалпы аянты 1,44га. Имараттын жалпы аянты 533,68 м кв. Имарат Каргалык айылдык округунун муниципалдык менчиги.
Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун №13 М.Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин уставы жана Жалал-Абад областык юстициялык башкармалыгынын каттоосундагы куболук (№ 0011272 10.10.1995-жылдын 125542-3303-М-е каттоо номуру, ИУЖК коду 20992765) менен иш алып барат. Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлигинин 05.08.2022-ж. № 1529/1 буйругу менен бекитилген 2022-2023- окуу жылы учун базистик окуу планынын негизинде окуу жүргүзүлөт.
Имараттардын саны жана жалпы муноздомолору:
Окуу имарат-1, окуу кабинети-9, административдик кабинет-2, китепкана -1, ашкана-1 ( 2 болмо). Мектептин жалпы аянты 533,68 м2, спорт аянтчасы -1, кичи футбол аянтчасы (стандарттуу)-1.
Комплектованиенин принциптери жана шарттары
Мектепте Казарман айылынын тургундарынын балдары билим алышат.
Мектеп администрациясы: мектеп директору – Молдалиев Сүйөркул Абдылдаевич
(тел:0704 66 00 38 эл.дареги:[email protected]),
Окуу бөлүмүнүн башчысы – Жумалиева Гулзыйнат Мусаевна (тел: 0709148271),
Класстан тышкаркы уюштуруучусу – Шергазиева Айнур (тел: 0706131338).
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫН ТАЛДОО ЖАНА ТАСТЫКТООЧУ БАЗА
№ | Өзүн-өзү баалоо үчүн критерийлер
| Өзүн-өзү баалоонун натыйжалары | Тастыктоочу база | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.1 | Билим берүү уюмунун ишин жөнгө салуучу бекитилген ички акттардын болушу | №13 М. Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби юридикалык мекеме болуп эсептелет. Мектеп ишмердиктин жана тажрыйбанын мыкты жетишкендиктерин, педагогикалык кызматкерлердин жогорку кесиптик чеберчилигин, жалпы педагогикалык технологиялардын негизинде билим сапатын жогорулатуунун устундо мамлекеттик билим беруу стандарттарына ылайык иш алып барат. Мектеп 2 сменада иш алып барат. 0-11-класстарында окуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзулөт. Сабактар базистик окуу пландын негизинде жургузулот. Регламентке ылайык сабактар 45 мүнөттөн жүргүзүлөт жана 5 мүнөттүк танапис. Сабак: саат 800 — 1800 чейин жүргүзүлөт. | Билим берүү мекемесинин уставы (2013-жылы октябрь айында Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн); (Күбөлүк 8-9 бет Устав 10-23 бет Мамлекеттик акт 24-26)
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.2 | Билим берүү уюмунун бекитилген миссиясынын. кызыкдар тараптардын керектөөлөрүн жана өзүн-өзү баалоонун ар жылдык жыйынтыктарын эске алуу менен иштелип чыккан стратегиялык жана учурдагы пландардын болушу;
| Мектеп стратегиялык жана учурдагы түзүлгөн пландардын негизинде кызыктар тараптардын муктаждыктарына туура келүүчү так аныкталган миссияга ээ. Мектептин миссиясынын негизинде төмөнкү максаттар кабыл алынган: · Окуучуларга жекече мамиле кылуу менен билим сапатын көтөрүүгө жетишүү; · Окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн, өз алдынчалыгын кеңейтүү үчүн башкаруунун жана окутуунун интерактивдүү усулдарын колдонуу; · Мектептин ичинде олимпиадаларды, предметтик таймаштарды өткөрүү менен окуучулар билимге болгон кызыгуусун арттыруу; · Мектептин техникалык базасын чындоо; · Мектепте дене тарбия, АЧД сабактарынын берилишин жакшыртуу менен окуучулардын ден-соолугуна, патриоттук сезимдеринин калыптанышына кам көрүү; · Кружоктук сабактарды, ийримдерди уюштуруу аркылуу окуучулардын шык жөндөмдөрүн ойготуу, коомдук иштерге активдуу катышууга үйрөтүү; Мектептин стратегиялык планы 2019-окуу жылында Педагогикалык кеңештин №1 протоколу менен кабыл алынган. Кабыл алынган стратегиялык пландын ишке ашышы: 1.Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо: · 2018-2023-жылга чейин стратегиялык план түзүлгөн · Билим берүүнү жакшыртуу максатында заманбап технологиялар менен камсыз кылуу; · Билим берүүдө жарандык укуктардын, сабырдуулуктун негизинде билим тарбия берүүнү өнүктүрүү; 2.Стратегиялык пландын аткарылышы · 2018-жылы Стимгрант аркылуу айыл өкмөтү тарабынан кичи футбол аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди. · Билим берүүнү жакшыртуу максатында АгаХан фондунан 2интерактивдүү доска, 2 принтер , 1 ноутбук алынды. · Билим берүүдө нарк-дөөлөттөрдү, жарандык укуктарды окуп үйрөтүүнүн үстүндө иш алып барылууда. | Окутуп-тарбиялоону жакшыртуу планы (ОТЖП) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.3. | Билим берүүнүн сапатын камсыздоо саясатын ишке ашыруу жана жооптуу адамдардын түзүмдөрдүн болушу;
| Билим берүү уюмунда билим берүүнүн сапат менеджментинин документтештирилген системасынын жардамы менен билим берүү сапатын камсыздоо саясатын киргизүүгө жооп берүүчү жооптуу болуп мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директорунун орун басары, усулдук бирикмелердин жетекчилери жана класс жетекчилер эсептелинет. Мектепте 4 усулдук бирикме түзүлгөн. Билим берүүнүн сапатын камсыздоо максатында мектеп ичинде: — Окуу программасынын аткарылышы, сабак берүүнүн теориялык жана дидактикалык деңгээлин, окуучулар тарабынан материалдарды өздөштүрүүнү көзөмөлдөө; — Мугалимге өз убагында жана керектүү практикалык жардам берүү; — Мугалимдин иш тажрыйбасын жайылтуу жана эмгегин обьективдүү баалоо максатында чыгармачыл топ түзүү; | Мектептин 2022-жылдын 30-августундагы педагогикалык кенештин чечими менен класс жетекчилер, усулдук бирикме жетекчилер жана ийрим жетекчилери бекитилген. | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.4. | Персоналдын жана окуучулардын журүм-турумунун бекитилген этикалык ченемдеринин болушу, аларды сактоо (билим берүүнүн жана инсандын, маданий көп түрдүүлүктүн баалуулуктарын колдоочу уюштуруучулук маданияттын калыптангандыгы); | Мектептин ишмердүүлүгү КР мыйзамдарынын, баланынын укугу жөнүндө Конвенциянын, КР Президентинин жана Өкмөтүнүн указдары менен токтомдору, мектептин уставы, жалпы билим берүү мектеби жөнүндө жобо, кызматтык инструкциялар, буйруктар жана башка нормативдик-локалдык актылар аркылуу ишке ашат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде ички эмгек тартиби түзүлгөн.
| Ички эмгек тартибинин эрежелери тиркелет.
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.5. | Ишти баалоо, пландоо, уюштуруу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун абалына мониторинг жүргүзүү механизмдеринин жана жол-жоболорунун болушу; | Мектептин ичинде ыңгайлуу микроклимат түзүү. Кышкысын жылуу, жаз- күз салкын кармоо. Мектепте коопсуздук чөйрөсүн түзүү. 2018-жылы страт планда каралган балдардын коосуздугу б-ча камераларды орнотуу, ысык тамак уюштуруу, класстарда шарттарды түзүү. Электр жылыткычтарын өз убагында иштетүү. Абанын тазылыгы, нымдуу уборканын жүргүзүп туруу. Жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн жумасына 1, айрым учурда 2 жолу хлор менен уборка жасоо. Ата-энелер комитетин түзүп алар менен балдардын коопсуздугу үчүн ынгайлуу шарт түзүлгөн.Таза суу киргизүү, медицина кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу. Ата-эне, коом, мектеп биримдикте иш алып барышууда. | Соц.педагогдун планы, отчету 27-28 бет | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.6. | Кызыктар тараптарды тартуу менен чечимдерди кабыл алуунун жана тиешелүү ондоолорду киргизүүнүн колдонуудагы механизмдеринин болушу; | Ата-эне, коом, айыл өкмөт, мектеп менен бирдикте балдарга мектеп ичине ыңгайлуу микроклимат түзүү механизми иштелип чыккан жана страт планда көргөзүлгөн. 5 жылда пландалган иштердин 50 % ишке ашырылып балдарга ынгайлуу шарттар түзүлдү. Кандай шарттар экендигин жазгыла. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
1.7. | Билим берүүнү башкаруунун колдонуудагы маалыматтык системасынын, веб-сайттын, электрондук почтанын болушу; | Мектепте компьютердик класс жок, компютер жетишсиз. 3 интерактивдуу доска,2 проектор бар. КРББ министрлиги каржылаган интернет туташтырылган. Андан тышкары мектепте мугалимдер колдонуу үчүн 2 принтер бар 1 КФТ. Мектепте сайт ачылган азыркы тапта иштеп жатат. Мектептин электрондук почтасы бар. [email protected]
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Күчтүү жактары: Таланттуу окуучулар менен тынымсыз иш алып баруу. Билим берүү системасынын системалык түрдө иш алып баруусу; Окуучулардын райондук олимпиадалардагы ийгиликтери жана ага карата даярдоодогу мугалимдердин тажрыйбасы; Окуучулардын, педагогдордун район ичиндеги тест, курстарга катышуусу; Эл аралык фондулар менен иш алып баруусу; Райондук семинарлардын мектепте өткөрүлүшү; Педагодордун алдынкы тажрыйбаларынын жайылтышы; Пед.кеңеш, өндүрүштүк чогулуштардын темасынын туура тандалышы көпчүлүк менен маселени чогу чечүүдө ийгилик алып келет; Алсыз жактары: Кээ бир ата-энелердин баланын билим алуусуна көнүл бурбагандыгы; Ата-энелердин мектептин проблемасын чечүүдө пассивдүүлүгү; Мебелдердин эскилиги; Кружокторду, жолугушууларды, диспуттарды өткөрүүдө актовый залдын жоктугу; Жаш мугалимдердин билимдеринин мектептин талабына жооп бербегендиги; Физика,химия предметтери боюнча лабораториялык иштерди жүргүзүү үчүн курал-жарактардын, атайын жабдылган кабинеттин жоктугу; кабинеттин жетишсиздиги; Компьютерлердин эскилиги, компютер класстын жоктугу жана жетишсиздиги; Китепканада окуу залынын жоктугу;
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2. КАДРДЫК САЯСАТСАТТЫН ЭФФЕКТИВДҮҮЛҮГҮ | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2.1. | Педагогикалык, административдик, окутуучу-көмөкчү жана кенже тейлөөчү персоналды жумушка алуунун (жумуштан бошотуунун) объективдуу критерийлерин жана шарттарын камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу;
| №13 М. Жаңыбаева атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби мугалимдерди жана окутуучу-көмөкчү курамды жумушка кабыл алуу (жумуштан бошотуу), КР Эмгек Кодексинин беренелерине ылайык, мектептин Уставынын, мектептин профсоюздук комитети менен ачык айкын жана обьективдүү чен өлчөмдөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Педагогикалык ишке зарыл болгон, педагогикалык квалификациясы бар, кызматы жана адистиги боюнча квалификациялык мүнөздөмөнүн талаптарына туура келген билими жөнүндө документи бар адамдар, о.э атайын билими жок адамдар, педагогикалык кеңештин чечими боюнча үч ай сыноо мөөнөтү менен кабыл алынат.(7-13-пункту). Жалпы билим берүү уюмдун кызматкерлерине жана администрациясына карата КР эмгек кодексинде каралган эмгек мыйзамдары колдонулат. Эмгек келишиминин жарактуулук мөөнөтү КРнын эмгек жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык аны түзүүдө кызматкер жана жумуш берүүчү тарабынан аныкталат. Соттолгон же КР өкмөтү бекиткен тизме боюнча медициналык көрсөткүчтөрү бар жарандарга жалпы билим берүү уюмдарында иштөөгө жол берилбейт. Учурда мектептин педагогикалык кадр менен камсыз болушу 100%. | Талапка ылайык жүргүзүлөт | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2.2. | Штаттардын комплекттелишинин, педагогикалык персоналдын квалификациясынын жана билиминин билим берүү программасына шайкеш келүүсү; | Мугалимдердин жана окутуучу-көмөкчү курамдын квалификациясы, билими жана тажрыйбасы ишке ашырылып жаткан билим берилүүчү программага жана билим берүү процессинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт. Мектепте педагогикалык жана көмөкчү курамдын комплекттелиши, квалификациясы, билими жана тажрыйбасы билим берүүнүн максаттарына жетүүгө ылайык. Ар бир окуу жылынын башталышында мугалимдердин кесиптик өздүк курамы такталып РИК-83 кадрдык отчет берилип турат. Мектепте 34 мугалим эмгектенет. 82% жогорку билимдүү, өздөрүнүн адистигине жараша комплектелген. Ар бир окуу жылынын башталышында райондук билим берүү бөлүмүнө мектептин квалификациясын жогорулатууга муктаж мугалимдердин тизмеси бекитилип берилет. 2017-2018-окуу жылында 15% 22018-2019-окуу жылында 20% 2019-2020-окуу жылында 25% 2020-2021-окуу жылында 14% 2021-2022-окуу жылында 23% мугалимдер кесиптик квалификациясын жогорулатууга барып келишкен. | Мугалимдердин сапаттык курамы. 31-34 бет | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2.3. | Физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү, ошондой эле билим берүү процессинин катышуучуларынын өз ара мамилелерин баалоону, анын жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу; | Мектепте физикалык жана психологиялык коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу учун педагогдор менен ата-энелер ортосунда келишимдер түзүлгөн. Анкета түрүндө алынып, физикалык коопсуздук б-ча имараттын коопсуздугу, бөлмөлөрдүн жарыктандырылышы, кабинеттердин жылуулугу, желдетилиши, таза суу менен камсыз болушу, мебелдердин коопсуздугу, ата-энелер, жергиликтүү бийлик менен кайрылуулардын, маек жүргүзүү, проблемаларды суроо-жооп аркылуу аныктап алып, стратегиялык планга киргизилген, айрым учурда тез кабыл алуу педагогдордун чогулушунда чечилет. Балдардын ден- соолугун коргоо, жугуштуу ооруларды алдын алуу учун ФАП кызматкери менен мониторинг жүргүзүлүп турат. Соцпедагог анкета жүргүзөт, жашыруун кутуча пайдаланылат, ар бир айда комиссия курамы менен ачылып протокол түзүлөт. Ар кандай психологиялык коопсуздукту алдын алуу үчүн кутуча ичиндеги көйгөйлөр ата-эне, окуучу менен бирдикте маек жүргүзүү менен чечилет. ИДН кызматкерлери менен ай сайын чогулуштар өтүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат, видео көзөмөл орнотулган. | Ата энелерден , окуучу, мугалимдерден анкета, усулдук кенештин протоколу, медициналык жана социалдык мониторинг, отчеттор, корутундулар План эвакуации (фото) 29-30 бет | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
2.4 | Педагогикалык, административдик, кенже тейлөөчү жана окутуучу-көмөкчү персоналдын ишин баалоону, анын жыйынтыгы менен чечимдерди кабыл алууну камсыздоочу механизмдин жана жол-жоболордун болушу; | Андан сырткары профсоюз уюму тарабынан сыйлык, грамоталарга көргөзүлөт, ал педкеңеште жана профсоюз уюмунун чогулушунда каралат. Айрым учурда эмгек китепчелерге сыйлоо буйругу жазылат. | Эксперттик кенеш ж-до буйрук 35 бет | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Күчтүү жактар: Мугалимдерди жумушка кабыл алууда биринчи кезекте атайын түзүлгөн комиссия тарабынан ангемелешүүдөн өткөрүү зарыл; Педагогикалык кадрлардын үзгүлтүксүз өз билимин өркүндөтүү үчүн квалификацияны жогорулатууга баруусу; Педкадрлардын 83% жогорку билимдуу жана 100% өз адистиги менен иштөөсү билим сапатын көтөрүүгө чон пайда алып келет; Мугалимдердин өз билимин өркүндөтүүнүн үстүндө тынымсыз иштөөсү; Семинарлаларга катышуу менен ар кандай методдор менен сабак берүү. Мектепте балдардын окуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Класстар жарыктандырылган, таза, желдетилип турат; Атайын форточкалар бар; ИДН кызматкерлери менен тыгыз иш алып баруу; Маалыматтын үзгүлтүксүз болушу, коопсуз маалыматтардын жеткиликтүүлүгү; Соцпедагогдун ата-энелер, балдар менен тыгыз иш алып баруусу; Эксперттик комиссиялардын так иштөөсү; | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Алсыз жактар: ЖОЖдор сапаттуу кадрларды даярдаса; Айрым учурда акча каражатынын жетишсиздиги; Ата-энелердин жоопкерчилигинин аздыгы; | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3. МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗА | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3.1. | Билим берүү процессинин катышуучуларына, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жеткиликтүү болгон окуу имараттарынын, жайлардын жана материалдык ресурстардын (жабдылган окуу класстары, лабораториялар, компьютердик класстар, спорт зал, актылар залы, медициналык пункт, ашкана), ошондой эле жашоо үчүн тиешелүү шарттары бар жатаканалардын (эгерде болсо) болушу;
| Мектепте 3 интерактивдуу доска, 5 телевизор, 2 принтер (1 тустуу) жана 1 ксерокопиялык аппарат иштейт. Бардык окуу бөлмөлөр окуучулардын жаш өзгөчөлүгү боюнча эмеректер менен камсыздалган. 2проектор жана 3 интерактивдуу доска бар жана аны мугалимдер ишмердүүлүгүнө жараша активдуу пайдаланышат. — Мектепте мүмкүнчүлүгу чектелген окуучуларга толук шарттар түзүлгөн. -Мектептин заманбап кичи футбол аянтчасы бар. -Мектеп толугу менен эмеректер менен жабдылган. Мектепте окуучуларды шыктандыруу жана окуунун натыйжасына жетишүүсүнө түрткү берүү, жардам берүү үчүн ар бир класска бекитилген класс жетекчилер иш алып барат. Мындан тышкары мектепте балдар менен иштөө үчүн соцпедагог бекитилген иш мерчеминин негизинде иштейт. Мектептин штатына бекитилген медициналык кызматкер жок болгондугуна байланыштуу окуучулардын жана педагогикалык курамдын ден-соолугуна кам көрүү райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медициналык кызматкерлери тарабынан камсыздалат. КРнын Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы УП№372 Крнын жалпы билим берүү мектептериндеги окуучулардын тамактануусун уюштуруу тууралуу Указы чыккан. КРнын илим, билим жана жаштар саясаты министрлигинин 2006-жылдын 27-июлундагы №492/1 КРнын жалпы билим берүү мектептериндеги 1-4-класстардын окуучулары үчүн тамактанууну уюштуруу тууралуу буйругунун негизинде 2015-жылдын 15-январынан ВПООНдун каржылоосу менен 1-4-класстын окуучулары учун ысык тамак уюштурулуп, берилип келе жатат. Мектептин ашканасы талапка ылайык жабдылган. Учурда мектеп талапка жооп берет. Кышкысын жылуу, жарык балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Жогорку билимдүү мугалимдер менен камсыз болгон. Материалдык базаны чындоонун үстүндө аракет кылып келебиз Видео камералар орнотулган. | Материалдык техникалык база | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3.2. | Билим берүү чөйрөсүнүн коопсуздугунун талаптарын сактоо (экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык эрежелер жана ченемдер, өрткө каршы коопсуздук, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелери)
| -Мектепте өрт коопсуздугуна каршы зарыл чаралар көрүлгөн; — Имараттын курулушу сейсмикалык коопсуздуктун талаптарына ылайык салынган; — Билим беруу уюмунда санитардык эрежелер жана нормативдер сакталган; -Мектеп ар кандай озгочо кырдаалдарга даяр; -Билим берүү уюму эффективдүү энергия менен камсыз болгон; — Эвакуациялык план түзүлүп, илинген; -Мектеп айланасы жашылдандырылган; -Мектептин окуу материалдык базасы жарыктандырылган, өрт коопсуздугу, санитардык талаптарга толук жооп берет; Өрт коопсуздугун сактоо боюнча атайын иш-чара иштелип чыккан. №1 педкеңешмеде бекитилген баштапкы профсоюз уюму менен макулдашылган көрсөтмөнүн негизинде иш алып барылат. Эмгекти коргоо боюнча докладдар окутулат. Окуу семинарлары уюштурулуп, инструктаж өткөрүлөт. Класстык бөлмөлөрдө, залда коопсуздук эрежелерин көрсөтмөлөрү илинген. Окуучуларга тааныштырылып кол койдурулган документтер бар. Өрт өчүрүүчү каражаттар 100% жетиштүү. Огнетушитель 2 шт бар.
| Мектептин тех паспорту, мамлекеттик акт. 36-40 бет
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
3.3. | Материалдык-техникалык базаны жана маалыматтык ресурстарды жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу
| Окуучулардын билим жана тарбия алууларына талапка ылайык шарттар түзүлгөн. Мектептин имараты типтүү эмес. 1 корпустан турат.
Мектеп төмөндөгү Эл аралык уюмдар менен иш алып барат. Алар: АРИС, Тынчтык корпусу, Ага Хан. Мамлекеттик компоненттүүлүктү чыңдоо боюнча керектүү болгон окуу методикалык жана маалымат ресурстарын камсыз кылуу КР Билим берүү жана илим министрлиги койгон талаптарга жооп берет. Билим берүүдөгү материалдык-техникалык базаны жакшыртуу боюнча 4 даана көзөмөл камералары коюлган. Өрт өчүрүү шаймандары, эвакуациялык пландар илинген. |
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Күчтүү жактар: Ата-энелердин, коомчулуктун мектеп менен байланышы, мектептин иши менен кызыктар болушуна жетишуу, балдарды тарбиялоодо ата-энелердин жана коомчулуктун жоопкерчилигин жогорулатуу; Инновациялык технологияны көп пайызда билиши; Компетенттүү билим берүүдө окуучулар максаттарын өзүлөрү коюп, аны ашырууга далалат кылуулары, жөндөмдүүлүктүн өсүшү; Ийримдердин жакшы иштөөсүнүн негизинде окуучулардын ийгиликке жетишүүсү; Мисалы: олимпиадада жетишкен ийгиликтери ошондой эле окуучулардын класстан тышкаркы иштерге катышуусу, спорттук мелдештердин ар кандай түрлөрүнө катышып, ийгилик алып келүүлөрү; Ар кандай долбоорлорго катышуу менен материалдык-техникалык базасын чындоо; Материалдык-техникалык базанын 90%га жакшыртылышы; Тарбиялык иштердин окуу иштерине шайкеш келүүсү; Сабактан сырткаркы иштерде окуучулардын көп ийгиликтерди жаратышы; Тарбиялык иштер натыйжалуу жүргүзүлүүдө жана конкурстар үзгүлтүксүз өтүлгөндүктөн кылмыштуулуктун алдын алууга мүмкүнчүлүктөр чон; Ата-энелер менен тыгыз байланышта болуу; Мектептеги ачык айкындуулук; Мектептин жетишкендиктери менен кыйынчылыктарын ата-энелер менен бирдикте талкулоо; Көпчүлүк учурда ата-энелердин колдоосу, балдарынын билим алуусуна кызыкдар болушу; Мектеп администрациясынын ишмердүүлүктөрү менен ата-эненин кабардар болуп турушу; Маалыматтын коомго учурунда, үзгүлтүккө учурабай жетип турушу; Алган маалыматтар менен ой жүгүртөт, талкууланат; Маалыматтар тактага чагылдырылат жана базада сакталат; Бул маалыматтар пландоодо жана аны ишке ашырууда коомдогулардын жардамы, кеңештери менен ишке ашырылат; | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Алсыз жактар: Кээ бир ата-энелердин билим берүү программалары менен түшүнүгүнүн жоктугу; Окуучулардын китеп окуусу үчүн окуу залынын жоктугу жана күз-кыш мезгилинде дене тарбия сабактарын өтүү үчүн спорт залдын жоктугу; Кабинеттердин жетишсиздиги; Компьютерлердин аздыгы, эскилиги жеткендиги; Мебельдердин эскилиги; Демонстрациялык куралдардын аздыгы, жетишпегендиги; (химия физика сабактары боюнча) | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4. ФИНАНСЫЛЫК РЕСУРСТАРДЫ БАШКАРУУ | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4.1. | Финансылык пландоо системасынын болушу;
| КР “ББ законунун №92 30.04.2003 жылдагы 43-статьясынын негизинде мамлекеттик бюджеттен мектептеги кызматкерлердин айлык акысына, коммуналдык кызматтарга, утурумдук ремонт иштерине, командировкалык чыгымдарга, налогго, соц фондго, башкага бөлүнөт. Пландоодо керектүү чыгымдар жазылат. Көпчүлүк учурда мамлекет тарабынан кыскартылат. Айрым учурда проект менен факты айырмалуу болот. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4.2. | Кошумча финансы ресурстарын тартуу, бөлүштүрүү жана отчеттуулук боюнча ачык-айкын механизмдердин болушу;
| Кошумча финансы жергиликтүү бийлик айыл өкмөттөн ж.б ресурс тартуу бөлүштүрүү боюнча материалдык-техникалык базасынын динамикалык өзгөрүүсү.
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
4.3. | Финансы ресурстарын жакшыртуу боюнча ишти топтоо, баалоо, талдоо жана пландоо механизминин болушу; | Мониторинг жүргүзүү Финансы –экономикалык бюджет.
| ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Күчтүү жактар: 1 Финансы маселелери жылдан жылга толукталып, мугалимдердин айлык акыларынын көтөрүлүшү персоналдар үчүн стимул; 2.Мамлекеттен, кошумча ресурстарды тартуу менен материалдык –техникалык базанын жаныланышы, билим сапатынын жогорулашына таасир берет. 3.Маалымат ресурсу, интернеттин кенири колдонулушу; 4.Финансы ресурстарын талдоо, жакшыртуу боюнча иштердин алып барылышы; 5.Балдардын коопсуздугу, билими, окуусу учүн шарттардын түзүлүшүнө финансы каражаттарын тартуу. Алардын ата-энелер менен бирдикте аткарылышы, ачык айкын так болушу. Билим берүүгө кызыкдар тараптан нааразычылыктардын жок болушу; 6.Профсоюздун алгылыктуу иштеши. Жылдан жылга окуу шарттарынын жакшыруусу. Ата-энелердин балдарды окутууга кызыкдар болушу; | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Алсыз жактар: Персоналдардын айлык акысынын аздыгы;
Ремонтко бөлүнгөн акчалардын тендер менен чектелиши; Жылдан жылга мебелдердин эскириши, жаңы мебелдердин кымбат болушу; Ремонт иштерине бюджеттен аз акча бөлүнүүсү. Жылдан жылга ремонтко керектүү каражаттардын кымбат болушу; Окуу талабынын жогору болушу; Окуу куралдарына акча каражаттарынын жетишсиздиги; Айыл тургундарынын көпчүлүк бөлүгү жарды жашап, аярлуу калктын көптүгү Дыйканчылык менен гана алектенишет, ал продукция да өзүн өзү актабай тургандыгы; Ички жана тышкы миграциянын күчөшү; | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Жүргүзүлгөн өзүн-өзү баалоонун негизинде комиссия ыйгарым укуктуу органда институционалдык аккредитациядан өтүү үчүн документтерди жиберүүнүү сунуштайт.
Комиссиянын төрагасы: _________С.А.Молдалиева
Комиссиянын мүчөлөрү: _________ Г.Жумалиев
_________Р.Нурмамыт кызы
_________А.Ɵмүралиева
_________С.Аттокуров
_________Т.Жунусакунова
_________К.Макеева